Бүгүн, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат тынымсыз манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылат.
Кечки саат 21:06га карата манасчы 11 саат 20 мүнөт манас айтты. Учурда ал дагы деле улантып жатат.
Ал эми "Ала-Тоо" аянтында эл көп, алар манасчыны колдоп, сүрөп жатышат.
Ошондой эле чыгармачылык чөйрөдөгү адамдар да колдоп келип жатышканын көрүүгө болот.