Кечээ, 12-ноябрда Бахрейнде өтө турган "BRAVE-CF 45" эл аралык турнири Бахрейндеги эскерүү күнүнө карата 19-ноябрга жылдырылды.
Бул турнирде кыргыз мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу молдовалык 27 жаштагы Валериу Мирче менен беттешет.
Кыргыз мушкеринин каршылашы карьерасында жалпы 32 беттеш өткөрсө, анын ичинен 25 жолу жеңүүчү аталып (10у нокаут менен), 6 жолу жеңилүү ызасын тарткан жана 1 ирет тең чыккан.
Ал эми Кубанычбек Абдисалам уулу карьерасында жалпы 16 беттеш өткөрсө, анын ичинен 14 жолу жеңүүчү аталган жана 2 жолу жеңилүү ызасын тартып калган.