"Манас" аэропортунун өткөрүү пунктунан мыйзамсыз чек араны басып өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран Стамбул-Бишкек каттамы менен келген. Аэропорттун өткөрүү пунктунан паспорт текшерүү учурунда ал 1979-жылы туулган С.А. аттуу жарандын документин көрсөткөн. Текшерүү учурунда ал көрсөткөн документинде жалган маалымат (фамилиясы, аты) коюлгандыгы аныкталган. Изилдөө иш-чарасынын жыйынтыгында документте көрсөтүлгөн маалыматтар башка адамга таандык болуп чыккан. Ал эми кармалган адам 1978-жылы туулган И.Н. аттуу жаран экендиги аныкталган.