Ошто "жумушуңардан алдырып салам" деп медайымдардан акча талап кылганга шектүү кармалды (видео)

Ош облусунун Араван районунда медайымдардан опузалап акча алып жаткан учурда 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 12-ноябрда Ош РИИБинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине белгисиз жаран Араван райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эки медайымына карата "COVID-19 илдетине байланыштуу тактаманы кечиктирип жана туура эмес бердиңер, жумушуңардан алдыртып салам" деген сөздөрдү айтуу менен 100 миң сом акча талап кылгандыгы тууралуу арыз келип түшкөн.

"Бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Сотко чейинки тергөөнүн жүрүшүндө Араван районунун Анаров айылынын 31 жаштагы К.Ф. аттуу тургуну опузалап талап кылган акчанын бир бөлүгүн (20 миң сом өлчөмүндөгү акчаны) алып жатканда кармалган. Шектүүгө карата дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.

Ошто эки медайымдан опузалап 100 миң сом акча талап кылганга шектүү жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан