Сузакта унаа жардан кулап кетип айдоочусу каза болду

Кечээ, 12-ноябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жеңил унаа жардан кулап кетип, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сузак районунда 12-ноябрь күнү саат 09:48де Жашасын айылында “Дэу Тико” унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жардан кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1974-жылы туулган эркек киши каза болгон.

ӨКМнын өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылган билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан