Кечээ, 12-ноябрда футбол боюнча Европа чемпиондугуна тандоо турунун плей-офф баскычындагы акыркы турдук оюндар өттү. Бул оюндан кийин турнирдин бардык катышуучулары белгилүү болду. Курама командалар төмөнкүдөй топторго бөлүнүштү:
"А" тайпасы: Италия, Түркия, Уэльс, Швейцария;
"В" тайпасы: Бельгия, Орусия, Дания, Финляндия;
"С" тайпасы: Украина, Нидерланды, Австрия, Македония;
"D" тайпасы: Англия, Хорватия, Чехия, Шотландия;
"Е" тайпасы: Испания, Швеция, Польша, Словакия;
"F" тайпасы: Германия, Португалия, Франция, Венгрия.
Футбол боюнча Европа чемпиондугу 2020-жылдын жайында өтүшү керек болчу. Бирок, коронавирус пандемиясынын улам 2021-жылга жылдырылган. Турнир учурда Европанын 12 шаарында өтүшү керек экендиги белгилүү. Бирок УЕФА уюму эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу алардын саны азайышы мүмкүн экендигин жарыялаган.