"Айрым жумуштардын баасы 1 миллион сомдон ашуун каражатка жогорулатылган". Бишкектеги "Балалык" парктын курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуу аныкталды

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан “Балалык” паркынын курулуш-монтаждык иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуу аныкталды.

Анда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын конкурстук комиссиясы тарабынан “Балалык” паркы боюнча курулуш-монтаждык иштерин жүргүзүүдө, “Ак-Ниет Курулуш” ЖЧКсын жеңүүчү деп табуунун мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлгөн дешти мекеменин маалымат кызматынан.

"Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен “Ак-Ниет Курулуш” ЖЧКсынын лицензиясындагы аткарылуучу иштердин тизмесинде суу менен камсыздоо, канализация, электр менен камсыздоо жана башка иштерин аткарууга мүмкүнчүлүк жок болгондугуна карабастан, ишкана жеңүүчү деп табылып, аны менен белгиленген иштерин аткаруу боюнча тиешелүү келишими түзүлгөн. Мындан сырткары аткарылган иштердин актыларын текшерүүдө, айрым жумуштардын баасы 1 миллион 43 миң 887 сомго жогорулатылгандыгы тастыкталган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын алдын ала сүйлөшүп, өзүнө жана башкаларга пайда табуу максатында кылган мыйзамсыз иш аракеттеринен улам мамлекетке зыян келтирилген. Жогорудагы иш боюнча жагдайларды ар тараптуу жана объективдүү изилдөө үчүн 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда жана 320-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан