Жогорку сот 8-мартта Бишкекте өткөн "Аялдардын тилектештик маршында" милиция кызматкерлеринин аракетин мыйзамдуу деп тапкан чечимди жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-ноябрда Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун жана Свердлов РИИБинин чечимдерин жокко чыгарып, Свердлов РИИБинин кызматкерлеринин митингдеги аракетин мыйзамдуу деп табуу боюнча териштирүүнү токтотту.
Белгилей кетсек, быйыл 8-мартта Жеңиш аянтында кыз-келиндердин укуктарын коргоо, зомбулукка кабылган кыздардын маселесин көтөрүү максатында уюштурулган жүрүш болгон.
Кийин аталган марштын жүрүшүндө ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акциянын өтүүсүнө тоскоолдук кылышкан. Ал эми буга чейин Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлгөнүн, кармалгандар айып пул төлөөгө милдеттендирилгенин билдирген.