14 саттан ашык тынымсыз манас айткан Дөөлөт Сыдыковдун бүгүнкү абалы кандай?

14 саат 27 мүнөт тынымсыз манас айткан Дөөлөт Сыдыковдун бүгүнкү күнгө карата абалы жакшы, ал манас айткан сайын күчтөнүп, энергия топтоорун анын жубайы Ырыс Окенова SUPER.KG порталына билдирди.

"Абалы жакшы, кечээ дароо эле тура калып ошондон бери жакшы жүрөт. Манас айткан сайын күчкө толот да, дем, күч-кубат алып, энергиялуу болот. Ден соолугуна эч кандай деле кедерги тийген жок. Бүгүн болсо туугандарыбыз менен үйдөбүз, апабыз дагы сарсанаа болуп айылдан келди эле.

Дөөлөт Сыдыков манас айтып бүткөндөн кийин медицина кызматкерлерине деле кайрылган жокпуз, алар өздөрү атайын илимий изилдөө кылышты. Манас айтканга чейин анын абалы кандай деп, кечээ таңкы 6да кан басымын текшерип, кан алышкан. Биз буга башында каршы болуп жатып, кийин Манасты изилдегенге аны дүйнө тааныганга салым болсун деп макулдугубузду бердик.

Манасты айтып бүтөрү менен дароо иче калсын деп сүт чай даярдап турдум эле, "жылысын" деп биринчи ошону бермекпиз. Анан дарыгерлер бүтүп атканда кайра дагы ач карын анализ алабыз деп калышты. Ошентип 2-3 мүнөттөй кармалып калдык. Анан Камчы байке (ред.:Сарыбаев) дароо чучук май алып келип оозуна салып жиберди (күлүп). Бир чети май деле жакшы болду деп күлүп калдык. Эч кандай маселе жок, баары жакшы", - деп билдирди Ырыс Окенова.

Белгилей кетсек, кечээ, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 сааттан ашык убакыт эч тыным албай, тамчы суу ичпей манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
souza.j
2020-11-13 14:43:59
Ырыс эже кыскартын
-12
asyl1998
2020-11-13 15:02:50
Манас айткан кишини Манас Атабыздын руху колдойт.
-9
Pankration_MMA
2020-11-13 17:03:19
asyl1998, дөөрүбөчү!))
+2
Ernisbii
2020-11-14 15:29:57
Pankration_MMA,сен дагы дөрүбөчү Кыргызчылыкты билбейсиң ошол үчүн дөрүп жатасың.
+1
Neiro
2020-11-13 16:44:24
Souza.j сен фарды өчүрөсүңбү
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан