15-ноябрда президенттикке талапкерлерди каттоо аяктайт. Бул ирет да президенттикке ар кандай кесиптин ээлери коомго таанылган да, таанылбаган да адамдар өз талапкерлигин каттатышты. Ушул күнгө чейин 25 жаран өз арыздары менен БШКга кайрылды. Бирок булардын ичинен канчасы марага жетип, шайлоо күнү кимдердин ысымдарын бюллетенден көрүп калабыз аны убакыт көрсөтөт. Эмнеси болсо да бардык талапкерлерге ийгилик каалайбыз, эл үчүн өлкө башчылыгына иштей турган адам келсе, жакшысы ошол.
ЮНЕСКОнун материалдык эмес байлыктарынын катарына кирген "Манас" эпосубузду айтып мактанган кыргыз болбосо керек. Улуттун уюткусу катары саналган бул эпосту муундан-муунга, кылымдан-кылымга өткөрүп келген, бул албетте, манасчылар. Ошолордун бири болгон Дөөлөт Сыдыков кечээ борбордук аянтта таң эртеден баштап, түн оогонго чейин 14 саат 27 мүнөт бою тынбай Манас айтып, "Гиннестин рекорддор китебине" кирүү аракетин жасады. "Ала-Тоо" аянтына келген эл "Манас" деп ураан чакырып, Сыдыковду колдоп турушту. Көөнөрбөс мурасыбызды элибизге жана чет элдерге дагы бир жолу таанытуу үчүн мыкты себеп болду. Расмий түрдө бул рекорд катталдыбы же жокпу убакыттын өтүшү менен билинет.
Кечээ президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берди. Алгач кирип эле ал бир жарым саат гана убактысы бар экенин эскертип, дароо суроо-жоопко өттү. Журналисттер тарабынан ар түрдүү суроолор берилип, анын баарына Садыр Жапаров кылдаттык менен жооп берип жатты. Садыр Жапаровду тайсалдаткан же болбосо күтүлбөгөн суроолор болгон жок.
Мурдагы өлкө башчылары Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун мурда тартылган сүрөттөрү социалдык тармакка жарыяланды. Анда экс-президенттер жубайлары менен жайдары маанайда, жайылган дасторкон үстүндө отурганын көрүүгө болот. Бул сүрөттөр интернет колдонуучулар арасында талкууга жем таштады.