Министрлик: "Медициналык окуу жайларды Пакистандын кара тизмесинен чыгаруу боюнча комплекстүү иштер жүрүп жатат"

Медициналык жогорку окуу жайларды Пакистандын кара тизмесинен чыгаруу боюнча комплекстүү иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндөгү медициналык окуу жайларын Пакистан Ислам Республикасы кара тизмеге киргизип, өзүнүн жарандарына ал ЖОЖдорго тапшырбоону сунуштаган. Бул жагдайды тез арада жөнгө салуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги тиешелүү ЖОЖдор менен бирге "жол картасын" иштеп чыккан. Анын негизинде учурда бир катар комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Алар:

  • ЖОЖдор көрсөткөн билим берүү кызматтарынын сапатын баалоо;
  • материалдык-техникалык жана клиникалык-лабораториялык базанын болушун камсыздоо;
  • профессордук-окутуучулук курамдын окуу программаларынын талаптарына жооп беришин көзөмөлдөө;
  • көз карандысыз аккредитациянын болушу.

"Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлиги дипломаттык каналдар аркылуу Пакистан медициналык кеңешине жана Пакистандын Саламаттыкты сактоо боюнча премьер-министринин атайын жардамчысына кайрылуу жолдогон. Анда пакистандык тараптын маселенин чечилүүсүнө көмөк көрсөтүп, мындай чечимдин кабыл алынуусуна түрткү болгон себептерди көрсөткөн толук маалымат берүүсү тууралуу жазылган. Кайрылууда ЖОЖдорго индивидуалдуу мамиле кылбай баарын тизмеге киргизүү адилетсиз экени айтылган. Пакистан тараптан ар бир ЖОЖго өзүнчө реалдуу баа берүү максатында Пакистан медициналык кеңешинин жана башка тийиштүү түзүмдөрдүн мүчөлөрүнөн куралган эксперттик комиссия түзүп, жакын арада Кыргыз Республикасына жөнөтүү суранычы дагы бул кайрылууда көрсөтүлдү. Муну менен катар, Билим берүү министрлиги Кыргыз өлкөсүндөгү медициналык ЖОЖдору кара тизмеде болгонун эске алып, Медициналык билим берүү боюнча бүткүл дүйнөлүк федерациясынын (WFME) реестрине кирген көз карандысыз аккредитациялык агенттиктерден өткөн айрым медициналык ЖОЖдорду Пакистан Ислам Республикасынан эксперттик комиссия келгенге чейин тизмеден чыгаруу маселесин кайра карап чыгуу жөндүү экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жакынкы убакта Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдары менен чогуу пакистандык студенттердин Кыргыз өлкөсүндөгү окуу жана жашоо шарттарын түзүү, жакшыртуу боюнча комплекстүү иштер жасалары кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulipa
2020-11-15 07:08:10
Пара албай окутканда гана кара тизмеден чындап чыгат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан