Мамлекеттик каттоо кызматынын Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин жооптуу кызматкерине прокуратура кылмыш ишин козгоду. Муну Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 24-сентябрда ШИИББинин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмүнө Асан Х. аттуу жаран арыз менен кайрылыптыр. Ал автоунаасын каттоо үчүн аталган департаменттин кызматкерлери 5 миң сом талап кылып жатканын айтат. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, департаменттин башкы адиси пара алып жаткан учурда кармалды. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шаардык прокуратура тергөө жүргүзүп жатат.