Кечээ, 12-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, профессор мурунку билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков пневмония дартынан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маркум менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 13-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде өтүп, сөөгү кичи мекени Ноокат районунун Кызыл-Тейит айылында жерге берилди.
Азыркы тапта маркумдун артында калган санаалаш достору, тууган-урук, шакирттери жана кесиптештери армандуу ырларын, эскерүү постторун жазып, аны эскерип жатышат.
Акылды ойго ийлеген,
Алтынын сөздүн сүйлөгөн
Алп мүчөлүү денесин,
Асылдык бүтүн бийлеген,
Адамдыкка баш уруп,
Аксымдыкты сүйбөгөн,
Ардактап сүйгөн кыргыздын,
Агайы кетти дүйнөдөн.
Учурдук ойдун көркөмүн,
Уттурдук жакшы иш мерчемин.
Мээнетин тартчу күнү-түн,
Мекендин ойлоп эртеңин.
Билимден турган оюлду,
Бир капшыты өлкөнүн.
Көлөмүн жазмыш өмүрдүн,
Көп кылса эмне өлчөмүн.
Келгенде тулпар табына,
Кертилди буту чабыла.
Көтөрөт эле билимди,
Чөктүрбөй заман сазына
Арман күн, жатат оозу бек,
Акылдан турган казына.
Сүйүнбөйт эми зор жүрөк
Сүйлөбөйт жарпы жазыла.
“Асылды эрте алды” - деп
Атпай журт турат кайгы жеп.
Армандуу боздойт жеңекем,
"Ач ажал өчүң барбы!" деп.
Ачуу жаш жутуп чыркырайт,
Аида, Жыргал, Айзирек
Эркеңиз ыйлайт Бекзада,
“Атакем кетип” калды деп.
Эмгегин улап барктаган,
Насаатын угуп жаттаган.
Шакирттер калды жарыкта,
Талпынтып агай таптаган.
Демилге эми не болот,
Дем менен агай баштаган.
Акылың кымбат эле го,
Көр мансап, алтын, акчадан.
Түркөйлүк эле касыңыз,
Адилдик эле досуңуз,
Сур булут каптап асманды,
Сумсаят Бишкек, Ошуңуз
Билбейбиз качан барабьз,
Бейиштен бизди тосуңуз.
Башка сөз таппайм буулугуп,
Кошуңуз АГАЙ, кошуңуз!
Автор: Улукбек омокеев
"Атаңгөрү дүнүйө, сен да кете берген экенсиң. Кыргыз Республикасынын баатырын ушул кишиге бериш керек деп Жогорку Кеңештин трибунасынан айттым эле. Ал баатырлыкты сага кызганышса да эл баатыры болдуң. Ошол сөздөн кийин көптөрү менден "Ал киши досуң же таанышың болобу" деп сурашты. Жок экөөбүз дос да, тааныш да эмес элек. Болгону кыргызга кылган кызматыңды чын дилимден баалап, сага тымызын суктанчумун. Кадырды билбес замана болду кантели. Керек болсо президенттикке татыктуу инсан элең... Билим жаатында кылган эмгегиң, легенда болуп көпкө айтылар. Арман дүйнө, кайран инсан, арга жок, туугандарыңа үй-бүлөңө кайрат айтабыз", - деп жазды коомдук ишмер Садык Шер-Нияз.
Алп өттү дешти жаңы эле,
Азыркы муунга шам эле.
Бийикти көздөп бүркүттөй,
Билимден бүткөн жан эле!
Кайгыда турат журт эми,
Кадырлап, барктап сүйчү эли.
Зар-муңга салып кетиптир,
Замандын асыл Дүйшөнү!
Автор: Бердибек Жамгырчиев
"Досум, сен жөнүндө өткөн чакта сүйлөп калам деп эч качан ойлогон эмес экенмин.
Бишкекке самолёт менен өзү учуп келген досумду бир күнү "Стептин" арткы отургучун жыйып туруп, төшөккө коомай жаткырып, арткы эшигин жаап Кызыл-Тейитиңе узатам деп эч качан ойлогон эмес экенмин.
Бүгүн менде эң сыймыктанарлык жана сүйүнүчтүү күн болду. Бирок саат үч чендерде келген суук кабар баарын жууп кетти...
Мен жамгыр куюп турган көчөдө туруп экөөбүздүн студенттик кезде таанышкан күндү эстедим. Жамгырга жуулган жүзүмдөн көз жаш тамызып экөөбүз Фергана өрөөнүндө эң алдыңкы заманбап университет куруу мандебибизди эстедим. Ичиме букту үйүп туруп, сен жаңы министр болуп келгенде сени кудуңдап тосуп алып, 10-кичи райондогу "Наватта" төрт саат билим берүүнүн прорывын сухбатташканымды эстедим. Дагы мен эмнени эстедим - министр болуп шар жүргөнүңдө сүйүнүп, жаза калган жериңде сын пикирди конструктивдүү талкуулаган күндү эстедим. Кечиндеси күйүткө чыдабай экөөбүз кеминде бир жумада бир жолуккан Бухара ассортидеги отурган жерибизге Асыкем менен бардым. Бирок сенин ордуң көзүмө жылуу учурап, жоктугуңду аңдап ичтен улутунуп ыйлап турдум...
Түнү үч болсо да уктай албай сен экөөбүздүн үзөңгүлөш жүргөн учурларды эстеп отурам.
Досум, кош бол! Ыйманың саламат, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болуп жайыңды жаннаттан берсин! Сага окшогон эл үчүн күйгөн инсан бейишке чыгат болуш керек. Кудайымдан ушуну тилейм. Кош, Какебайым! Каке!", - деп жазды маркумдун досу Кеңешбек Сайназаров.
"Не деген суук кабар!
"Учканга канат, укканга санат болуучу" асыл адамдан айрылганыбызга кантип ынанууга болот?
Ал чыгаан педагог, мыкты устат, таланттуу жетекчи гана эмес, баарынан мурда баш тамга менен жазылуучу Адам эле!
Каныбек инимдин ордун ал Ош мамлекеттик университеттин ректорлугунан министрдик кызматка кеткенде бир жоктодум эле. Ошол күндөн тартып ОшМУ мага жымжырт болуп калгандай сезилген, кызыгуум жоголгон. Ал тургай Каныбек барында жаңы идеяларга тынымсыз шыктанышып, күндө бир чыгармачылык жаңылыкты жаратып турушчу жаштар да дымып калышкандай болгон. Аларды дүрмөттөп, талпындырып, ийгиликтерине кубанып турчу устаттын орду жоктолгон.
Бирок чыныгы реформатор, идеялардын генератору, кесибин сүйгөн жана ага өзүн бүтүндөй арнаган министр катары билим берүүнү жаңы баскычка көтөрөт деген ишеним жооткоткон.
Жаңы бийлик Каныбектей асыл педагогду, таланттуу жетекчини кантип көрө албады? Буга билим берүү тармагын түшүнбөгөн, андагы кесипкөй, чыгаан жетекчилерди баалабаган, кресло гана керек болгон наадандардын гана дити бармак! Аны кызматтан алышканда билим берүүнүн бир түркүгү кулагансып сезилген. Адилетсиздикке, ак жеринен бийликтин курмандыгы болгонуна намыскөй жана арчыл жүрөгү чыдай албаса керек. Жакындан Каныбек Исаковдун руханий дөөлөткө сугарылган тарбиялык мектеби жөнүндө макала жазууга ниеттенип, оюмда бышырып жүрдүм эле. Бул макала сөзсүз жазылат, буюрса! Каныбектин дагы бир улуулугу маданият, адабият өкүлдөрүнө өзгөчө камкордук көрүп, булак көзүн ачкандай жаштардын талантын ачып таптаганында эле. Артында миңдеген шакирттерин калтырган Адам өлбөс-өчпөс!
Каныбек жөнүндө көп эскерилет, көп жазылат! Биз аны менен коштошо албайбыз!", - деп жазды акын Зинакан Пасанова.
Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Каныбек Исаковду төмөнкүдөй эскерген.
"Агайым эле. Айтыла элек баяным эле. 1993-жылы алгачкы жолу жолукканымда, өмүрүм, келечегим үчүн акыл жана билим кенчин ачканымды аңдабапмын. Студент кезде далай сырдаштык. Ак-Буураны бойлой, Сулайман-Тоодо сейилдей акыл-насааттарын арбала тыңдадым. ОшМУнун телесинде, гезитинде үзөңгүлөшө иштештик. Шыктанта билет эле. Таптай билет эле. Барар багытын, көздөгөн чокусун тактап, анан тынымсыз иштеген билим тармагынын балбан баба дыйканы эле. Калеминин жорголугун, ой-кыялынын байлыгын, сөзүнүн көркөмүн, ишинин жемиштүүлүгүн жана акылынын тунуктугун айт. Элин, мекенин, шакирттерин, кесибин сүйөт эле. Ошол сүйүүсү менен өзү сүйүү тапты. Жаны Жаратканга кайткан менен, элеси, жылуу мамилеси далай жүрөктөрдү мекендей берер... Кошуңуз, агай. Биз сизден ыраазыбыз. Жаныңыз жаннат төрүндө ырахат тапсын. Ак дилден арнаган бата-дубаларыбыз акыреттеги даражаңыздын бийиктешине себеп болсун", - деп жазды Кадырбеков.