Ысык кучактын сырлары... "Эмгектенүү" учурунда эркектердин организминде кандай өзгөрүүлөр болот?

Эркектер үчүн төшөк оюну жөн жатып алып футбол көрүп ырахаттануу эмес. Аларга психологиялык жактан да, физикалык жактан да бир топ эмгектенүүгө туура келет. Так ошол ырахаттануу учурунда эркектердин организминде төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр жүрөт.

МЭЭ
«Кандай кереметтүү түн өтөт!» Ушул ойдон улам мээ чыңала баштайт да, бардык организмге сигнал кетет. Бул боло турган төшөк оюнуна даярдануу болсо, ырахат учурунда мээдеги башка ойлор таптакыр жоголуп кетип, ошол процесс гана калат. Ошондуктан кумарлануудан кийин депрессия, стресстен адамдар арыла түшөт.

ЖҮРӨК
Жүрөк бул иште өтө жоопкерчиликтүү орган. Анткени жыныстык катнаш башталгандан тартып жүрөк тез-тезден согуп отуруп, кумардын туу чокусуна жеткенде мүнөтүнө 80ден 200 жолу согууга чейин жетет. Ырахаттануу учурунда эркектердин жүрөк оорусу көп кармап калышы мүмкүн. Андыктан, жүрөгү алсыздар, абайлаңыздар...

ӨПКӨ
Албетте, бул учурда тез-тезден дем алуу, демигүүгө дуушар болот. Ошондон улам өпкөдөгү кычкыл газдар сыртка көбүрөөк чыгып, өпкөнүн иштешин жөнгө салат. Ушундан улам кээ бир учурда жөтөлүү же тамак оорулары башталып келе жатса, аны токтотуп калуусу мүмкүн.

АШКАЗАН
Көп учурда кумарлануудан кийин эркектердин карды ачып же суусап чыгат. Анткени ашказандан башка учурга караганда көбүрөөк суу бөлүнүп чыгып, табитти ачат. Андыктан кумарлануудан кийин түгөйүңүз шарт ашкана тарапка кетсе, ага кабатыр болбоңуз.

БӨЙРӨКТӨР
Кызыгы, кандагы адреналин гормону так ушул бөйрөктөрдөн башталып, мээге жетет. Бөйрөк жыныстык органдарга түздөн-түз тиешелүү орган болгондуктан, бул учурда бөлүп чыгаруу активдүү жүрөт.

КАН БАСЫМ
Жүрөк тез-тезден согуп, буга байланыштуу кан айлануу организмде жакшы жүрөт. Кумарланууга даярданып жатканда жамбаш булчуңдарына кан көбүрөөк куюлуп, топтолот. Анткени боло турган «майданга» жыныстык мүчөлөрдүн даярдалышына өбөлгө түзүлүшү кажет.

ТЕРИ
Сүйүү түнүнөн кийин тери жылмакай болуп калганын байкасаңыз керек. Тери секс учурунда сезимтал келип, айрыкча эрогендүү зоналар өтө назик болот. Керектүү гормондор иштелип чыккандыктан, тери жылмакай тартып калат.

БУЛЧУҢДАР
Адатта буттун жана жамбаштын булчуңдарына күч келгендиктен, катуу чыңалууга дуушар болушат. Дал ошол чыңалуудан улам булчуңдар күчтүү боло баштайт. Спорт залдан машыгууга жетпесе да форманы жоготпой алып жүрүүгө жардам берет.

ОРГАЗМ
Жыргалдын туу чокусуна жеткенден кийин эки эсе күч менен иштеп жаткан бардык органдар жайланышып, калыбына акырындык менен келе баштайт. Булчуңдардын чыңалуусу токтоп, жүрөктүн согуусу жайлайт.

МУРУН
Сексопатологдордун айтымында, мурун кумарлануу учурунда жыт сезүүсү эки эсеге күчтүү болуп калат. Бул өзгөчөлүк эркек жаныбарларда да билинген. Жыт алардын ышкысын күчөтүп, ого бетер кумарлантат. Ошондой эле адам рахаттын туу чокусуна баткан учурда бүтүп жаткан мурун дагы ачылып, анча-мынча сасык тумоолор жоголуп кетет.

МЫНДАН ТЫШКАРЫ...

  • Аялдардын организминде деле жогорудагыдай көрүнүш болгону менен, эркектердикине салыштырмалуу аз күч керектелинет. Кыргызча айтканда, бул «улуу ишти» аткарып жатканда эркектер эки кап көмүр көтөрүп чуркагандай эле эмгек кылышат. Эмгек кылып чарчоодон кийин айрымдардын оозуна сөз деле келбей калышы мүмкүн. Андыктан «сага ушул эле керек, анан менин керегим жок» деп наалый бергенди бир аз азайтсаңыз болот. Маңдайыңыздан чоп эттире өөп ыраазычылык билдирип койсо деле жакшы.
  • Эркектер көпчүлүк учурда капа болушса же кыжалат болгондо төшөк мамилесин каалашат. Анткени бул алардын организминдеги толкунданууну, кыжалатчылыкты сүрүп чыгарат жана гормондордун нормага түшүшүнө жардам берет. Бул нерседен кийин гана алар маселени чечүүгө даяр болот.
  • Эркектердин сырын тартууга же бир ишке макул кылуу үчүн дал ушул учурду тандасаңыз ыңгайлуу. Анткени алар акылы жана денеси эс алып, допамин гормону көбөйүп, ачык болуп калышат.

Маалымат "Супер-Инфо" гезитинин №552 санына жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан