Чүйдө эмерек менен алектенген жаранды сабап, 64 миң долларын алып кетишкен. Шектүүлөрдүн бири кармалды

Чүйдө айдоочуга каракчылык менен кол салып, акча каражаттарын тартып алган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-октябрь күнү саат 01:05 чамасында Панфилов РИИБине Чалдовар айылынын аймагында эмерек ташып жаткан айдоочуга белгисиз адамдар каракчылык менен кол салгандыгы маалымдалган. Анда Хонда үлгүсүндөгү унаадагы белгисиз адамдар 33 жаштагы жарандын башкаруусундагы Мерседес-Спринтер кичи автобустун артынан келип токтотушкан. Айдоочуга күч колдонуп, денесине залал келтирип, андан соң жабырлануучунун ири суммадагы акчасын тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Алдын ала маалыматтар боюнча, кол салган кылмышкерлер 64 миң доллар, 215,000 теңге, 8 жарым миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарды ээлеп алышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Бизге белгилүү болгондой, жабырлануучу көптөн бери чет өлкөдөн эмеректерди ташуу менен алектенип келген. Шектүү катары Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну Ж.Н. карактоого тиешеси бардыгы аныкталып, Бишкектеги ижарага алынган батирлердин биринен кармалган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар менен соттолгону да белгилүү болду. Учурда бул кылмыштын калган шериктерин кармоо иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2020-11-13 19:12:15
Аа таксыр, мындай кылганын бовойтта.
+1
Raihan0602
2020-11-13 23:51:24
Сакал коюп алганына өлөйүнбү
+1
al-abu-kinesz
2020-11-14 02:01:33
Мындай кылмышкерлер маскировка учун сакал коюп топу кийип таксыр болуп алышат.
+2
Blackmoon
2020-11-14 12:05:44
Ошол 64000дин арасында менин да акчам бар эле. Жакшы кабар кармалыптыр. Ал эми сакал боюнча азыр бандит черный дегендин баары коюп калбадыбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан