ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан баңгизат таратууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрь күнү ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Анда аталган бөлүмгө Саид аттуу жарандын баңгизатын таратып жүргөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам чара көрүлүп кылмышка шектүү 55 жаштагы мурда бир нече жолу соттолгон жаран колго түштү. Анын үйүн тинтүүдө 163 грамм героин чыкты. Учурда бул кылмышка катыштыгы бар башка жарандарды кармоо аракеттери жүрүүдө.