Жалал-Абаддын Токтогул районунда баңгизат менен 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 26-сентябрь күнү Жалал-Абад облустук милиция кызматкерлери шектүү делген тургунду текшеришкенде жанынан 3 литрлик идиш табылган. Идиштин ичинде 60 майда кутучага салынган 1 килограмм 110 грамм баңгизат болгон. Кармалган жаран аны 2 айдан бери сатууга даярдап жүргөнүн айтты. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.