Бүгүн, 14-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого катышуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 14-ноябрь саат 11:00гө карата Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынан жалпы 37 арыз келип түштү.
Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.