Орусия Кыргыз өлкөсүнө 50 миң ПЦР тест системин берди

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн алкагында Орусия өкмөтү Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине 50 миң ПЦР тест системин жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Орусиядан жөнөтүлгөн 500 ПЦР тестирлөө тутуму 50 миң лабораториялык анализге жетиштүү болот. Бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда бизди колдогону үчүн Орусияга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деди министрдин орун басары.

Үсөнбаев баштаган делегациянын өкүлдөрү жүктү эл аралык "Манас" аэропортунан тосуп алышты.

Белгилей кетсек, биринчи вице премьер-министр Артём Новиков Орусияга болгон жумушчу сапарынын алкагында ал Роспотребнадзордун башчысы, башкы санитардык дарыгер Анна Попова менен жолугушкан. Тараптар COVID-19ка каршы күрөшүү жана эпидемиологиялык коопсуздук боюнча кызматташтыкты талкуулашты. Бул жолугушуунун жыйынтыгында Орусия тарап Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам катары 50 миң ПЦР тестин берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан