Милициянын кайгуул кызматкерлери унаасын жасалма номур менен айдап жүргөн айдоочуну кармашты

Милициянын кайгуул кызматы унаасына жасалма номур тагып алып, айдап жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"2020-жылдын 14 ноябрында болжол менен саат 21:00 чамасында Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, Лев Толстой жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен "Toyota Land Cruiser " үлгүсүндөгү авто унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Текшерүү учурунда 2001-жылы туулган Ю. Б. аттуу айдоочу өзүнүн авто унаасынын мыйзамдуу номурун катып, башка жасалма номур менен унааны айдап жүргөндүгү аныкталды", - деп жазылган билдирүүдө.

Бул факты боюнча авто унаа айып төлөөчү короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан