Бишкектеги орто мектептердин биринин директору 3 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Милицияга Чүй облусунун жашоочусу арыз менен кайрылып, баласын мектепке киргизүү үчүн мектеп директору 3 миң сом талап кылып жатканын айтыптыр. Бул факты боюнча ыкчам чара көрүлүп, директор аталган сумманы алып жаткан жеринен колго түштү. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.