Бүгүн, 16-ноябрга караган түнү Токтогул районунда Хонда Степвагон унаасы жолдон чыгып кетип, үч адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Токтогул районунда 16-ноябрь күнү саат 01:19да Бишкек-Ош унаа жолунун 300-чакырымында (Торкент айылы) Хонда Степвагон унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Натыйжада 3 адам (аты-жөндөрү такталууда) жабыркаган.
ӨКМнын №97 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин жабыркагандарды ооруканага "Тез жардам" кызматы жеткирген", - деп билдиришти ӨКМдан.