Оор жана жеңил атлетика боюнча эки спортчуга «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык мамлекеттик агенттиктин буйругу менен «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» наамдары спорттун түрлөрү боюнча төмөнкү спортчуларга ыйгарылды:
1. Туйгунбек уулу Эрлан, 1996-жылы төрөлгөн, спорттун түрү – оор атлетика;
2. Абдрасул уулу Мыктыбек, 1996-жылы төрөлгөн, спорттун түрү – жеңил атлетика.