Чүй облусунун Москва районунда каракчылыкка шектелип 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"14-сентябрда Москва районундагы сейил бактардын биринде белгисиз адам 39 жаштагы жергиликтүү тургунга кол салган. Ал аны сабап, уюлдук телефонун тартып алган. Жабырлануучу ооруканага кайрылып, дарыгерлер сабалган бейтап жөнүндө милицияга кабарлашкан.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси ("Каракчылык") менен катталып, кылмышка шектүү катары 2000-жылы төрөлгөн К.Ш. аттуу жаран кармалды", - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.