"Бир жарым айдан бери биринчи жолу 8 саат уктадым". Садыр Жапаров тоодогу эс алуусу тууралуу билдирүү жасады

Президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына тоодо жүргөн сүрөтүн жарыялап, билдирүү калтырды. Анда Садыр мырза 1 жарым айдан бери биринчи жолу 8 саат уктаганын айтат.

"Сегиз жылдан бери биринчи жолу тоого эс алууга келдим. Бир жарым айдан бери биринчи жолу 8 саат уктап, жаным жай ала түштү. Буга чейин 24 сааттын 20 саатын иш үстүндө өткөрүп жүрдүм. Себеби, мурда моюнумда бир эле үй-бүлөнүн жоопкерчилиги болсо, бир жарым ай бою алты жарым миллион элдин, бүткүл кыргыз элинин тагдыры турду.

Кудайга миң мертебе шүгүр. 6-октябрь күнү бир атка минердин чекесине черттирбей, бир айнек сындыртпай, өлкөбүздө жаралган оор абалды колубузга алып, мыйзам талаасынан чыкпай, тынчтык жолу менен бийликти алмаштыра алдык. 2010-жылкы окуядан сабак алалы дедик. Ошого макул болуп, тынчтыкты сактап берген эл журтума терең ыраазычылык билдирем. Албетте, 5-октябрь түнү он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек чырактай уулубуз Үмүттүн каза болушу баарыбызды өкүндүрөт. Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун, Кудайым бейишинен берсин демекчимин. Куран окуп туралы. Башка арга жок.

Андан сырткары миңден ашуун жарандарыбыздын жаракат алышы да кейитпей койбойт. Сакайып кетишин тилейбиз. Колубуздан келишинче жардам бергенге аракет кылабыз. Бир жарым айдын жарымын гана толук кандуу иштедик. Ушул аралыкта бир топ иштерди аткарганга үлгүрдүк. Бир топ жылдан бери басылып жаткан кагаз иштерин ревизия кылып чыктык. Көптөн бери чечилбей келген трансформация маселелерин чечтик. 100 миңден ылдый насыя алып, үстөгүн төлөй албай жүрүшкөн жарандарыбызга үч айлык үстөгүн мамлекет тарабынан жардам кылалы деген чечим чыгардык. Айла жок, мамлекеттин күчү жетсе баарына жардам берет элек. Жокко айла жок экен. Бирок Кудай буюрса, ага да жетебиз. Убакыт керек.
Кыскасы аз убакыттын ичинде колдон келишинче көп иш жасадык. Кудай буюрса, мындан ары да баары жакшы болот", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bekalife
2020-11-16 14:07:39
Садыр аганын ден соолугу жакшы болуп. Буйруса Президент болсун
+8
Baku88
2020-11-16 14:18:38
Бала болуп башыма жун чыгып инсан болуп адам катарына кошулгандан бери биринчи жолу ушул адамды кордум. Эл учун куйгон элдин унун уккан. Конечно буга чейин бул кишиге карата терс коз карашта болчум. Эми турмого бекер отурган жок да деп. Ушул темп мн кетиниз урматтуу Нуркожоевич. 6500000 миллион элдин озунуз айткандай тагдыры сиздин колунузда. Элдин умутун актап эл учун куйуп элдин унун угуп элге пайданыз тийсин. Сиз озунуз учун эмес эл учун иштениз. Ушунча эл сизди колдоп сизден умут этип отурат
+7
Dastanali
2020-11-16 14:22:32
Жакшы эс алып, күч топтоп, Кыргызстаныбызга президент болууунузду Алла Таала насип этип, өлкөбүз өнүгүп, жардам сурабай, жардам берген өлкө бололу.
+6
Kuban-1207
2020-11-16 14:34:43
Садыр кыргызстанды ондойт
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан