Футбол боюнча Казакстан улуттук курамасынын жана ушул эле өлкөнүн "Кайрат" футболдук клубунун жарым коргоочусу Айбол Абикен кечээ, 15-ноябрда Улуттар Лигасынын алкагында өткөн Албания курамасы менен болгон беттеште укмуштуудай гол жаратты.
Маалыматка ылайык, Абикен оюндун 24-мүнөтүндө талаанын ортоңку бөлүгүнөн атаандашынын дарбазасына сокку узатып, кооз гол жараткан. Беттеш Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп, 3:1 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктаган.