Кыргыз Республикасынын Кыз-келиндер футбол ассоциациясы жана Футзал ассоциациясында жаңы президенттер шайланды.
Ишенбаев Максатбек Бейшенбекович Кыргыз Республикасынын футзал ассоциациясынын президенти болуп шайланды. Футзал ассоциациясы - өлкөдөгү футзалды көзөмөлдөп жана башкарган спорттук уюм.
Эгембердиева Салтанат Таабалдиевна Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер футбол ассоциациясынын президенти болуп шайланды. Кыз-келиндер футбол ассоциациясы - Кыргыз Республикасындагы кыз-келиндердин футбол командалар арасындагы мелдештерди уюштуруучу жана көзөмөлдөөчү спорттук уюм.