Депутат Айнуру Алтыбаева салыктык түшүүлөрдүн азайышынын себебин сурады. Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин көчмө жыйыны өттү.
Айнуру Алтыбаева бекитилген бюджеттен 3 миллиард сомго салыктык түшүүлөр азайып жатканын белгилеп, анын негизги себептерин сурады. Экономика министри Санжар Муканбетов жалпы кырдаал таасир этип жатканын жүйө келтирди. Депутат резервдик фонддор боюнча айтып, президент, Жогорку Кеңеш жана өкмөттүн фондуна 30 миллион сом эмес, 12 миллион сомдон гана бөлүү сунушун берди. "Үнөмдөлгөн 54 миллион сомго спорт залы менен жакшы бир мектеп салып алса болот, бюджет каражатын үнөмдөө зарыл", - деди депутат Айнуру Алтыбаева.