"Муунтуп, сабаган". Ошто 78 жаштагы аксакалды уруп, 7 миң сомун тоноп кеткенге шектелип 14 жолу соттолгон адам кармалды

Ош шаарында 78 жаштагы аксакалды уруп, 7 миң сом акчасын алып кеткенге шектүү кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 13-ноябрь күнү саат 18:25 чамасында Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде болгон.

"Аксакал үйүнө кирип бара жаткан учурда артынан белгисиз жаран келип, муунтуп сабап, 7 миң сом акчасын алып качып кеткен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иш-чараларынын негизинде шектүү кармалган. Ал Кара-Кулжа районунун тургуну 44 жаштагы М.Ж. аттуу жаран. Учурда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралууда. Ал уурулук жана башка кылмыштар менен 14 жолу соттолгон", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-11-16 20:49:59
Жакшылык көрбөй кал
+2
BemaAzat9290
2020-11-16 22:01:24
Айбан экен
+1
TIMON_BERKOWITZ
2020-11-16 22:47:40
Эртен озу чал болгондо дал ошондой кылыш керек!
+2
bessmertiy
2020-11-17 11:56:44
Ошол аксакалдын балдарына салып берип коюш керек мындай немени
+1
Jacob.
2020-11-17 13:16:13
14 жолу соттолгондон кийин адам болушу кыйын, өзү ушуга окшоп 3 жолудан коп соттолгондорду омур бою мамлекеттин пайдасына деп кара жумушка иштетиш керек! Эркиндикте озун алып журо алышпайт булар, чычкан ..т чыча берет!
+1
daryaelim
2020-11-17 13:46:49
эмнеле болуп баратабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан