Коронавирус: Элдин эсин алган экинчи толкун (видеорепортаж)

Коронавирус пандемиясы качан токтошу белгисиз. Айрым өлкөлөрдө вирусту жуктуруп алгандардын көрсөткүчү улам жогору болууда. Ал эми вирусту ооздуктаган өлкөлөр экинчи толкундан чочулап турат. Алардын арасында Кыргыз өлкөсү дагы бар. Өлкө элдин эсин алган экинчи эпкинге даярбы, дары-дармек менен камсыз болгонбу, болсо канчалык деңгээлде? Бейтаптар үчүн орундар, адистер жана жабдыктар жетиштүүбү? Бизди бул суроолордун жообу кызыктырып адистердин, өкмөттүн жана жарандардын пикирин уктук.

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу вирустарды көзөмөлдөө боюнча илимий практикалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Зуридин Нурматов саламаттыкты сактоо тармагы жакшы иштеп, элге түшүндүрүү иштери кадимки ыргакта жүргүзүлүп жатат деп эсептейт. Айтымында, ар бир адам өзү коргонуп жеке гигиена эрежелерин сактоосу талапка ылайык.

“Адамдарды атып жиберсе анан түшүнөт окшойт, негизи бул жаатта министрлик тарабынан тиешелүү алдын алуу чаралары айтылып жатат, бирок аны аткарбай, кайдыгер мамиле жасагандар дагы деле болууда”, - деди Нурматов.

Буга чейин вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылоого зарыл болгон дары-дармек каражаттарынын запасын уюштуруу боюнча иши менен таанышкан. Ал 2-3 айга жеткидей дары-дармек запастары бар экенин, дарыларга карата баалардын көтөрүлүшүнө жол берилбеши керек экенин билдирген. Вице-премьер-министр белгилегендей, учурда өлкө аймактарында курулган жугуштуу оорулар ооруканасын жабдуулар менен камсыздоо, өзгөчө аймактардагы дарыгерлерди дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо маселесине басым жасалууда. Ал эми 12-ноябрдагы маалымат өкмөт башчы Садыр Жапаров коронавируска даярбыз деп жооп берди.

Медицина тармагындагы көйгөйлөрдү ийне-жибине чейин билген бул тармактагы серепчи Бермет Барктабасова коронавирустан бийлик эч кандай сабак албаганын айтат. Айтымында, азыр бул тармактын абалы дайымкыдай эле мышык ыйлагыдай оор абалда турат.

“Биздин өлкө коронавирустан эч кандай сабак албаптыр, азыр да бул тармак мурункудай эле абалда турат. Бул вирус өлкөгө келгенден бери Саламаттыкты сактоо тармагында үч министр алмашты, бул орун алмашууну алдыга жылуу деп кароого болбойт. Медицина тармагында стабилдүүлүк маанилүү”, - дейт Барктабасова.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 16-ноябрдагы маалыматына ылайык, илдеттен дагы төрт киши каза болду. Муну менен көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 203 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 479 адамдан табылганы маалым болду.
Оору жуккандардын жалпы саны муну менен 66 миң 983 кишиге жетти.
Бир күндө 439 адам айыгып чыккан болсо, ооруканада 3 миң 279 адам дарыланууда. Мындан сырткары үйдөн дарылангандардын саны 4 миң 43 бейтапты түзөт.
Коронавирус: Элдин эсин алган экинчи толкун
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан