Eazy каймана аты менен чыккан ырчы Ислам Сагынов үйлөндү

Чыгармачылыкка Eazy каймана аты менен аралашып жаткан ырчы Ислам Сагынов сүйүктүүсү Айсулууга үйлөндү. Түгөйлөр кечээ, 15-ноябрда борбордогу тойканалардын биринде үлпөт тоюн өткөрүп, калың элден бата алышты. Эки жаштын жакшылыгына шоу-бизнестин өкүлдөрү дагы ортоктош болушту.

Айтымында, ырчы жубайы менен 3 жфл 11 ай кыз-жигит болуп сүйлөшкөн.

Ырчы 1994-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Репертуарында “Сафари”, “Модели”, “Бомбита” (Баястан жана G-Voo менен биргеликте аткарган), “Ван Гог” (G-Voo жана Shukur Ali менен аткарган) жана башка ырлары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан