Бишкекте уурулукка жана алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды

Бишкекте уурулукка жана алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, октябрь жана ноябрь айларындагы катталган алдап-тоноо кылмыш иштери боюнча белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы түшкөн. Анын негизинде Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында кылмышка шектүү жарандар кармалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

9-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине С.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Тоноочулар Белорусская көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батирине кирип, жалпы суммасы 1 миллион 451 миң 500 сомду түзгөн алтын буюмдарды жана жеке буюмдарын уурдап, андан кийин белгисиз тарапка качып кеткен.

25-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин сумкасынан 12 миң сомдук Redmi уюлдук телефонун жашыруун уурдап кетишкен.

26-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине Х.Т. аттуу жаран Панфилов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн кире беришинде жашыруун түрдө Sivist Grand велосипедин уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Натыйжада 1990-жылы туулган Ж.Б., 1991-жылы туулган Б.И., 1974-жылы туулган Э.Р., 1995-жылы туулган Н.Б., 1960-жылы туулган Ф.Г., 2000-жылы туулган Д.М., 1986-жылы туулган Ж.Б., жана 1959-жылы туулган И.С. аттуу жарандар кармалган. Алар райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан