Милициянын кайгуул кызматкерлери автоунааны уурдап качкан жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-ноябрь күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинен унаамды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда С.Ш. аттуу такси кызматында иштеген жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү көрсөтүлгөн даректе болжол менен саат 18:10 чамасында белгисиз жаран Honda Fit Aria үлгүсүндөгү автоунаасын мыйзамсыз айдап качып кеткен.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам изилдөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган С.Д. аттуу жаранды кармашып Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.