Чүй облусунун Москва районунда көчөдөн өтүп бара жаткан адамга бычак сайганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-ноябрь күнү Москва РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, эркек киши бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде тергөө ыкчам тобу дароо көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда ооруканага кайрылган 48 жаштагы А.А. аттуу жаран экендиги аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Шектүү катары Нарын облусунда туулган 38 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча окуя, пикир келишпестиктен улам келип чыккан. Анда Беловодск айылындагы көчөлөрдүн биринен шектүү мас абалында жолдон өтүп бараткан эркек кишиден акча сурап, андан орой жооп алгандыктан ага бычак сайып, окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми жабырлануучу алган жаракатынан улам 16-ноябрь күнү эсине келбей аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Учурда зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалган, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.