super.kg logo

Чүйдө жолдон өтүп бараткан жарандан акча сурап, ал орой жооп бергени үчүн бычак сайган. Шектүү кармалды

 

Чүй облусунун Москва районунда көчөдөн өтүп бара жаткан адамга бычак сайганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрь күнү Москва РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, эркек киши бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде тергөө ыкчам тобу дароо көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда ооруканага кайрылган 48 жаштагы А.А. аттуу жаран экендиги аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Шектүү катары Нарын облусунда туулган 38 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча окуя, пикир келишпестиктен улам келип чыккан. Анда Беловодск айылындагы көчөлөрдүн биринен шектүү мас абалында жолдон өтүп бараткан эркек кишиден акча сурап, андан орой жооп алгандыктан ага бычак сайып, окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми жабырлануучу алган жаракатынан улам 16-ноябрь күнү эсине келбей аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Учурда зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалган, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.11.2020. 13:44 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
26-10-2020
Соӊку аракети:
27-11-2020 10:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Манкурт тайпасына киргендер окунучтуу
17.11.2020. 23:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
10-05-2020
Соӊку аракети:
27-11-2020 02:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо ушул адам бир шериги менен болчу Бишкек Ош чон жолдо Беловодское шлагбаумда олтурушкан менден дагы тамеки сураган кудай сакта
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
155915;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: