Талас облусунда маркумдун өлүмүнө шектелип, чогуу иштеген кесиптеши кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-ноябрь күнү Талас ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 20 жаштагы Т. М. аттуу жарандан телефону аркылуу билдирүү келип түшкөн. Билдирүүдө Талас шаарынын Жаңы-Чек көчөсүндө жайгашкан каналда агып жаткан суунун ичинде адамдын жансыз денеси жаткандыгын билдирген.
Билдирүүнүн негизинде тергөө-ыкчам топтору окуя болгон жерге чыгып, каналдын ичинен жаш курагы болжол менен 30-35 жаштагы эркек адамдын күч колдонулуп каза болгон жансыз денесин табышкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү ишинде маркумдун аты-жөнү такталып, ал 1987-жылы туулган М.А. аттуу жаран экени аныкталган. Ал эми шектүү катары 1966-жылы туулган Ш.В. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Маркум менен шектүү пилорамада бирге иштешкен. Алар спирт ичимдигин ичип, андан соң ортодо пикир келишпестик чыккан.