Бүгүн, 17-ноябрь Ара төрөлгөн балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул дата 2009-жылы Наристелерди коргоонун Европа фондунун (EFCNI) демилгеси менен белгиленген. Дал ушул күнгө ылайык, ара төрөлгөн балдардын өсүп, жетилүүсү, ара төрөлүүнүн себептери тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев SUPER.KG порталына маек курду.
— Агай, айтсаңыз, Кыргыз өлкөсүндө ара төрөлгөн балдардын күнү канча жылдан бери белгиленип келет?
— Биздин борбордо, тагыраагы, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бул күндү 10 жылдан бери белгилеп келе жатабыз. Ушул күнү жыл сайын ара төрөлгөн, биздин мекемеде жатып чоңоюп кеткен балдарды (жакын жерде болсо) атайын борборубузга чакырабыз. Ата-энелерине кеп-кеңештерди беребиз. Балдары чоңоюп калган ата-энелер өздөрүнөн кийинкилер менен тажрыйбалары менен бөлүшүп, кеп-кеңештерин беришет.
Быйыл биздин борбордо тажрыйбасы мол дарыгерлерди анализдедик. Оорулуулардын баяндамаларын баарын анализдеп, жакшы иштеген неонатологдорго Грамоталарды бердик. Жылына ара төрөлгөн балдардын сүрөт сынагы болот. Ата-энелер балдарынын чоңоюп келе жаткандагы сүрөттөрүн алып келишет. Аларды биз кийинки ара төрөлгөн балдардын ата-энелерине көргөзөбүз. Алардын өзүбүзгө өнөктөш кылганга аракет кылабыз. Анткени жалаң эле дарыгерлердин ара төрөлгөн балдарды көзөмөлдөп, аларга жардам берүүсү аздык кылат.
— Ай-күнү жетип төрөлгөн балдардан ара төрөлгөн балдардын айырмачылыктары жөнүндө айтсаңыз? Аларды тарбиялоодо эмнелерге өзгөчө көңүлгө алуу керек?
— Алар абдан назик келет. Биринчи күндөрдөн баштап биз атайын аппараттарда кармайбыз. Тамактандыруу жана көзөмөлгө алуу поцесси дагы ара төрөлбөгөн балдарга салыштырмалуу өзгөчө болот. Алар график, режим менен көзөмөлгө алынат. Көп жагынан, тактап айтканда, ички органдары, борбордук нерв системдери толук өнүккөн эмес. Ошон үчүн алардын баары калыптанганга чейин биздин неонатологдордун көзөмөлүндө болушат. Азыркы учурда ара төрөлгөн балдардын асты 10го чыгып калды. Көпчүлүгү мектепте окушат. Алардын ден-соолугунун 70 пайызы жакшы деп айтсак болот. Кээ бир көйгөйү бар балдар дагы бар. Аларды биз адистер, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен чогуу иштешип, аларды калыптандыруу иштеринде көмөктөшүп турабыз.Мындан тышкары өзгөчө ата-энеси баланын ооруп калгандагы мезгилинде эмне кылуу керектигин үйрөтөбүз.
— Элибизде ара төрөлгөн балдар тың, акылдуу болот деген сөз айтылып келет. Медицинада бул жагдайга кандай баа берилет?
— Эненин ден-соолугу жакшы, кошумча оорулары, аз кандуулук жок болсо ошол баланын тез калыптанышына өбөлгө түзөт. Эненин сүтү дагы абдан чоң таасир тийгизет. Биз айтып келебиз, эненин денесиндегидей шартты бир дагы медициналык аспаптар менен түзө албайбыз.
— Ара төрөлгөн балдар кадимки ай-күнү жетилип төрөлгөн балдардан физологиялык, психологиялык жактан артта калуусу мүмкүн да. Алар башка балдарды канча убакытта "кууп жетет" тагыраагы, башка балдардай боло алышат?
— Ара төрөлгөн балдар ай-күнү жетип төрөлгөн балдардан эч айырмасы жок. Баягы аларды кайсы убакта кууп жетиши ошол баланын "гестацонный" убактысына жараша. Канча салмакта төрөлдү, андан киийн органдары кайсы деңгээлде жетилгенине жараша болот. Кээ бир органдары көп жетишсиздик менен төрөлүп калса, ал акырындык менен калыбына келет. Калыбына келүү процесси абдан татаал. Ал эми убактысы ар бир баланын өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Бул бала эки жылдан кийин башка (ай-күнүнө жетип төрөлгөн) балдарды кууп жетет дей албайбыз. Акыркы учурларда ара төрөлгөн балдардын борбордук нерв системи жана сөөк булчуң системинде өзгөрүүлөр барлар көп болууда. Алардын айрымдары операция жолу менен коррекция кылуу керек болот.
— Азыркы учурларда ара төрөлгөн балдардын саны көп болуп жатканынын негизги себептери кайсылар?
— Чындыгында акыркы учурларда ара төрөлгөн балдар көбөйүп жатат, анын себептери көп. Ушул себептен гана ара төрөлүп жатат деп айтуудан алыспыз. Мен биринчи кезекте айтып кетет элем, биз ар дайым айтып келе жатпайбызбы дени сак эне, дени сак бала деп. Эненин ден-соолугуна байланыштуу болот. 36 пайыздан 43 пайызга чейинки кош бойлуу энелердин арасында аз кандуулук бар. Убагында кээ бир витаминдерди кабыл алышпайт. Энелер кош бойлуу болгон учурунда оор ишке чыгып алышат, инфекциялык оорулар, ал эми быйыл коронавирус дагы буга кошумча себеп болууда. Мындан сырткары эненин өзүнүн соматикалык оорулары дагы көп себептердин бири болуп калат.
— Агай, статистикалык маалыматтарга токтолуп өтсөк, былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл ара төрөлгөн балдардын саны азайганы байкалдыбы?
— Быйылкы жылы төрөлгөн балдардын ичинен 5,7 пайызы ара төрөлдү. Былтыркы жылы 5,6 пайыз катталган. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл 0,1 пайызга көп катталган.
— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Иштериңизге ийгилик!