Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

24-28-ноябрь күндөрү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда эркектер жана аялдар арасында Кыргыз өлкөсүнүн бокс боюнча чемпиондугу өтөт.

Чемпиондук жаңы олимпиадалык циклге улуттук курама командаларды түзүү, республиканын аймактарында боксту өнүктүрүү жана өлкөнүн жаштарынын арасында боксту жайылтуу максатында өткөрүлүп жатат.

Мелдеш АИБА эл аралык уюмдун эрежелери менен эркектер арасында 10 салмак категориясында жана аялдар арасында 5 салмак категориясында өткөрүлөт.

Чемпиондуктун уюштуруучулары: Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын Бокс федерациясы.

Мелдештердин программасы: 24-27-ноябрь күндөрү – алдын ала беттештер, чейрек финал, жарым финал;
28-ноябрь – финал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан