Адис ара төрөлгөн балдардан жакындары баш тарткан учурлар боло турганын айтты

Бүгүн, 17-ноябрь Ара төрөлгөн балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул дата 2009-жылы Наристелерди коргоонун Европа фондунун (EFCNI) демилгеси менен белгиленген.

Дүйнөлүк статистикага таянуу менен ар бир онунчу бала ара төрөлөрүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери, неонатолог Элеонора Жумалиева айтып өттү.

"Бизде ара төрөлгөн балдардын өзүнчө базасы бар. Ооруканын ичинде атайын стенд дагы уюштурганбыз. Ал жерде ара төрөлгөн балдардын чоңоюп келе жаткандагы сүрөттөрүн илгенбиз. Негизги максатыбыз - ара төрөлгөн балдар жетиштүү деңгээлде камкордук алуу менен башка балдардын катарына кошула аларына ишендирүү.

Кээ бир учурларда ара төрөлгөн балдардан баш тарткан учурлар да болот. Алардын кээ бирлери "баары бир бала болбойт, акча коротпой эле койгула" деген өңдүү пикирлерин айтышат. Мындай учурда ара төрөлгөн баланын энеси да, жакындарына каршы чыга албай калган учурлар кездешет. Андай учурларда эненин көкүрөгүнө баланы жаткырып, аларды салмагы 900 грамм болуп ара төрөлгөн балдар дагы чоңойду, азыркы учурда 5 жашта деген сыяктуу сөздөрдү айтып, аларды ишендирүүгө аракет кылабыз, ошондой эле социалдык кызматкерлерди жардамга чакырабыз. Максималдуу түрдө баладан баш тартпоого үндөөгө аракет кылабыз.Учурда мамлекет абдан жакшы (психологиялык, материалдык) жардам беришет. 3-4 жылдан бери ара төрөлгөн баласынан баш тарткан учурлар каттала элек", - деди Элеонора Жумалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан