"АКШ жаратылышты, Орусия адамзатты коргошу керек, кыргыздар аларды башкарат". Бул тууралуу президенттикке талапкерлигин койгон Арстан Алай бүгүн, 17-ноябрда өткөн маалымат жыйынында айтты.
Анын айтымында, Кытай мамлекети майда-барат жумуштарды жасап, адамзатты көр тириликтин көйгөйүнөн бошотушу керек.
"Мен үч өлкөгө шарт койдум. Ага ылайык, АКШ жаратылышты, Орусия адамзатты коргошу керек. Кытай майда-барат жумуштарды аткарып, улуу кыргыз элине жаңы Кудайдын ролун аткаруу үчүн шарт түзүшү керек. АКШ эмне кылды? Дональд Трамп өзүнүн милдетин аткарбай, жаратылышты коргоо боюнча Париж келишиминен чыгып кетти. Ал жаңы Кудайдын талабын аткарбай койду. Ошондуктан АКШда нааразычылыктар, кырсыктар көбөйүп кетти. Булар кантип жашоо керектигин менден сурашы керек. Анткени ааламдын, жаратылыштын, адамзаттын башкаруучусу мен болдум. Тактап айтканда, Кудайдын ролун мен аткарам ", - деди Арстан Алай.