Экс-президент Сооронбай Жээнбеков туулган күнүнө карата айтылган каалоо-тилектерге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу анын социалдык тармактардагы баракчасына жарыяланды.
"Кечээ, 16-ноябрда менин дарегиме жылуу сөздөр менен бирге куттуктоолор айтылып, жазылды. Ар бириңизге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Мен үчүн айтылган ар бир каалоо-тилектериңер кымбат, өзгөчө маанилүү. Мага эмне кааласаңыздар, сиздерге да ошону каалайм. Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун. Бекем ден соолукта болуңуздар. Кыргыз мамлекетибизди жараткан Кудай колдосун", - деп жазылды Жээнбековдун кайрылуусунда.