2020-жылдын үчүнчү чейрегиндеги өндүрүштүк жыйынтыктар

Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр Голд Компани» (“Кумтөр”) компаниясы 2020-жылдын үчүнчү чейрегиндеги иштин жыйынтыктарын чыгарышты. 2020-жылдын тогуз айында “Кумтөрдɵ” 465 734 унция1 же 14 485,95 килограмм алтын өндүрүлгөн. Жылдын башынан бери компания 10,21миллиард сомдон ашык салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которду.

КР Жогорку Кеңешинде быйылкы жылдын октябрь айынын башында өткөрүлгөн шайлоолордон кийинки болгон социалдык-саясий туруксуздукка карабастан, “Кумтөр” кенинде иш кадимки режимде уланууда. Тоо-кен иштери жана алтын өндүрүү мурда белгиленген ыргакта жүрүп, продукцияларды пландуу өндүрүү иштери туруктуу аткарылууда. Кенге товардык-материалдык ресурстарды жеткирүүнүн бардык байланышында эч кандай үзгүлтүк катталган жок, буга ылайык чек аралар товарларды жүгүртүү үчүн ачык болуп, бажы кызматтары өзүнүн кадимки режиминде иштөөдө.

COVID-19га байланыштуу кырдаал

“Кумтөр” кендин аймагында COVID-19 вирусунун жайылышына жол бербөө максатында чектөөчү жана профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнү улантууда. Мурда кабарлангандай,компания Кыргыз Республикасындагы коронавирустук инфекция жана башка оорулардан улам эмгек жамааттын айрым кызматкерлери жумушка келе албай жатканын белгилеген. Булардын кесепетинен июль айындагы тоо иштеринин ачылышы толук көлөмдө жүргүзүлгөн эмес, бирок сентябрь айында компания толук түрдө ишин уланта баштады. Өткөн чейректин ичинде фабрика штаттык режимде иштеди жана кендин кампа запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен алтын өндүрүү боюнча пландуу көрөткүчтөрүн аткара алат деп күтүлүүдө.

2020-жылдын 1-сентябрында «Кумтор Голд Компани» («Кумтөр») компаниясы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 78,468,300 сом (КРУБ 01.09.20-ж. расмий курсу боюнча 1 миллион АКШ долларынын эквиваленти) которду. Муну менен республиканын дарылоо мекемелерин оңдоо жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн каражат бөлдү.

Продукцияларды өндүрүү жана сатып өткөрүү

2020-жылдын үчүнчү чейрегинде “Кумтөрдөгү” алтын өндүрүүнүн көлөмү 140 182 алтын унциясын, ал эми 2019-жылдын ошол эле чейрегинде ал 150 305 унцияны түзгөн. Өндүрүлгөн көлөмдүн төмөндөшү, ириде фабрикага жеткирилүүчү рудада алтындын курамы азыраак, ошондой эле рудадан алтынды ылгап алуунун коэффициентинин төмөндөшүнө байланышкан. 2020-жылдын үчүнчү чейрегинде фабрикага 80,3% ылгоо көлөмүндөгү 3,48 г/т орточо курамы менен руда берилген, мурунку жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,78 г/т жана 84,8%ды түзгөн.

2020-жылдын үчүнчү чейрегинде 142132 унция, же 4 829,34 килограмм алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2020-жылдын үчүнчү чейрегинде 268,2 миллион долларды2 түздү.

2020-жылдын башынан бери алтын өндүрүүнүн көлөмү мурда даярдалган руданын кампа запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен 465734 унция, 2019-жылдын ушул эле мезгилинде ал 451679 унцияны түзгөн. Белгиленген өсүш, ириде фабриканын өндүрүмдүүлүгүнүн, рудадан алтынды ылгап алуунун жогорку көлөмүнө, ошондой эле курамында алтын бар көмүртек бөлүктөрүн кайра иштетүүнүн натыйжасында алтын өндүрүүнүн жогорулашына байланышкан. Көрсөтүлгөн өсүш бир жагынан алтын курамы аз кендерден алтын ылгап алуу менен теңделген. 2020-жылдын тогуз айында тең фабрикасына жеткирилүүчү алтындын курамы орточо 82,8% алтын ылгоо көлөмүндөгү 3,65 г/т түзгөн, 2019-жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,66 г/т жана 83,0% түзгөн.

2020-жылдын тогуз айында 472 572 унция, же 14 698,63 килограмм алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2020-жылдын тогуз айында803,5 миллион долларды2 түздү.

“Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууга ылайык “Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” ААК тарабынан сатылып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз гана “Кыргызалтын” ААКы ээ.

Геологиялык чалгындоо иштеринин жүрүшү

2020-жылдагы бургулоо иштеринин программасы 55 миң метр чалгындоо иштерин жүргүзүү тапшырмасын кароодо, алар приоритеттүү жана перспективалуу жерлерге топтоштурулган. Иш зоналар биринчи кезекте 2018-2019-жылдарда алынган геологиялык моделдөө жана бургулоонун оң натыйжаларын пайдалануу менен өзүнө борбордук, түштүк-батыш жана Сары-Төр карьерлеринде жайгашкан аймактарды камтыйт. 2020-жылдын үчүнчү чейрегинде чалгындоо-бургулоо иштеринин программасын аткаруунун алкагында жалпы узундугу 11 412 метр алмаз менен бургуланган 45 скважина жана кайра жууп тазалоо менен 11 скважина иштелген. Бургулоо иштеринин башкы милдети болуп сульфиддик (карьердин борбордук участогу – түндүк борт) жана борбордук жана түштүк-батыш карьердин (“Үмүт”, Үч бурчтук” иш зонасы жана түштүк-батыш оксиддин зона) ортосундагы Сарытөр карьеринин чет жактарындагы жолду, түндүк-чыгыш аймактарын жана Муздусуу жакты (кендин борбордук участогунда)текшерүү эсептелет. Геологиялык чалгындоо иштеринин мүмкүн болгон көлөмү жөнүндө маалыматтар 2020-жылдын күзүндө даярдала турган “Кумтөр” кени боюнча акыркы техникалык отчетко киргизилет.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү төгүмдөр

2020-жылдын тогуз айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 10,21 миллиард сомдон ашты.

2020-жылдын 30-сентябрына

Төлөмдүн түрү (АКШ доллары менен)

2020-ж. I чейреги

2020-ж. II чейреги

2020-ж. III чейреги

Дүң кирешеге салык

16 181 004

37 600 713

33 802 415

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым

2 279 527

2 892 363

2 600 186

Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна төлөм

9 911 811

1 156 945

6 040 074

Экологиялык төлөм

310 000

-

-

Бардыгы

28 682 342

41 650 021

42 442 675

Чейректин соңундагы АКШ долларынын КР сомуна карата расмий курсу

80,8100

75,9887

79,6000

Төлөмдөрдүн эквиваленти сом менен

2 317 820

3 164 931

3 378 437


Эскертме:
2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна тɵлɵмдɵр Кыргыз Республикасынын Өкмɵтү, «Центерра Голд Инк» жана КГК ортосунда 2017-жылдын 11- сентябрда түзүлгɵн Стратегиялык келишимине ылайык жана 2019-жылдын 7-августунда каралган Кошумча тɵлɵмдɵрдү эске алуу менен жүргүзүлɵт.

2020-жылдын 30-сентябрына

Төлөмдүн түрү (кыргыз сому менен)

2020-ж. I чейреги

2020-ж. II чейреги

2020-ж. III чейреги

Кызматкерлердин кирешесине салык

80 421 670

80 754 907

61 070 684

КР Социалдык фондуна төлөмдөр

395 248 617

363 157 719

287 528 714

Бажы төлөмдөрү

6 262 000

6 306 000

7 498 678

Резидент эместердин кирешесине салык

6 161 109

16 178 339

3 326 086

Башка салыктар жана милдеттүү которуулар

12 614 470

11 787 319

14 343 685

Бардыгы

500 707 866

478 184 284

373 767 847

Комментарий

“Центерранын” Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перри 2020-жылдын үчүнчү чейрегине: “Биз өзүбүздүн бардык ишканаларда COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүнүн алкагында анын жайылышын алдын алуу, кызматкерлерибиздин, келишим менен иштеген адамдардын, ошондой эле жергиликтүү калктын ден соолугун жана коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык чараларды көрүүнү улантуудабыз. Андан тышкары, биз Кыргыз Республикасындагы саясий окуялардын өнүгүшүнө кылдат көз салып, Кумтөрдүн үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоого аракет кылуудабыз.

Биз “Кумтөр” кени боюнча техникалык отчетту иштеп чыгууну улантуудабыз: бул кендин пайдалануу мөөнөтүн узартуу планына тоо-кен иштеринин өндүрүшүнө карата чыгымдарга тиешелүү кошумча бөлүмдөр, кенден алтынды ылгап алуу коэффициенттери жана бош тек үймөктөрүнүн туруктуулугу боюнча маалыматтар киргизилет” - деп комментарий берди.

«Центерра Голд» жөнүндө кошумча маалымат жана толук 2020-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыктары боюнча пресс-релиз www.sedar.com SEDAR системасында,www.centerragold.comжана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда жеткиликтүү.

1 - Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.

2 - Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан