Эртең Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланат. Отурумга Атамбаевдин алып келиниши күтүлүүдө

Эртең, 18-ноябрда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланат. Бул тууралуу КДСПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, отурум саат 10:00дө Биринчи Май райондук сотунда өтөт. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин алып келиниши күтүлүүдө.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти тергеп бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаевдер бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан