Финансы минстрлиги Коронавирус дарты менен күрөшүүгө жумшалган каражаттар боюнча отчёт берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, 2020-жылы илдет менен күрөшүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 6 миллиард 100 миллион сом өлчөмүндөү каражат бөлүнсө, анын 5 миллиард 100 миллион сому иштетилген.
"Пандемия менен күрөшүүдө саламаттыкты сактоо тармагын колдоо максатында жалпы суммасы 56 миллион 100 миң АКШ долларын түзгөн акча каражаты эл аралык донорлордон тартылды. Анын ичинен 21 миллион 100 миң доллар Дүйнөлүк банктан, 20 миллион доллар Азия өнүктүрүү банкынан, 15 миллион доллар Ислам өнүктүрүү банкынан алынды.
Бүгүнкү күндө каражаттын 8 миллион 700 миң доллары иштетилип, 32 миллион 750 миң доллар 2020-2021-жылдарга калтырылды", - деп жазылган маалыматта.
Финансы минстрлигинин маалыматына таянсак, донорлордон келген каражатка 14 миллион 650 миң доллар жетпей калган. Тактап айтканда, 56 миллион 100 миң АКШ долларынын 8 миллион 700 миң доллары сарпталган болсо 47 миллион 400 миң доллар калышы керек эле. Бирок, минстрликтин маалыматында 32 миллион 750 миң доллар калганы көрсөтүлгөн. SUPER.KG порталынын тактоо иретиндеги суроосуна аталган мекеменин басма сөз кызматы кийинчерээк жооп берерин билдирди.