Бүгүн, 18-ноябрда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум саат 14:00гө жылдырылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
"Саат 10:00дө Биринчи Май райондук сотунда отурум башталмак. Бирок Алмазбек Атамбаевди сотко алып келүү табалы абакка жетпей калган. Ошондон улам ал алып келинген эмес. Эми саат 14:00гө алып келишет. Ошондой эле сот ачык болот жана журналисттер киргизилет", - деди Жоошев.
Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти тергеп бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.
Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаев бар.