Аламүдүн районунда турак үйдөн өрт чыгып, 2 адам күйүктөн каза болду. Алардын аты-жөнү такталууда

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында турак үйдөн өрт чыгып, 2 киши каза болду. Каза болгон жарандардын аты-жөнү, жынысы такталууда дешти ӨКМнын маалымат кызматынан.

Белгилүү болгондой, Махатма Ганди көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 2 адам күйүп каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканын билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан