"КМШнын мыкты студенти" Нуркалый Масалбеков: "Шибегени капка ката албагандай эле, биздин өлкөнүн билим берүү тармагын жакшы дегенден алысмын"

Кечээ, 17-ноябрь күнү Билим берүү жана илим министрлигинде “КМШнын мыкты студенти-2020” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өткөн.

Аталган конкурска КМШ өлкөлөрүнөн 600 арыз ташталган. Кыргыз өлкөсүнөн 70 студент катышып, алардын 24ү “КМШнын мыкты студенти” аталган.

SUPER.KG порталы алардын бири Нуркалый Масалбеков менен байланышып, ийгиликтери тууралуу маек курду.

- Нуркалый, сыйлык кут болсун! Алгач эле өзүңүз жөнүндө кыскача айта кетсеңиз?

- Мен Талас облусуна караштуу Беш-Таш айылында 2000-жылы жарык дүйнөгө келгем. Мектепти айылымда окуп жүрүп, кийин үй-бүлөбүз менен борборго көчүп келип, окуумду №88 мектепте улантып, артыкчылык менен аяктагам. Учурда эл аралык Кувейт университетинин журналистика бөлүмүндө 3-курста окуйм. Үй-бүлөдө болсо 3 бир туугандын кичүүсүмүн.

- "КМШнын мыкты студенти-2020" сынагына кандайча катышып калдыңыз?

- Бул сынакка катышып көрбөйсүңбү деген сунуш менен дос балам жобосун жөнөтүп калды. Жобону карасам, сынак 4 багытта экен. Окуудагы, спорттогу жетишкендиктер ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышкан жана буга чейин республикалык сынактарда жеңген студенттер арасында өткөрүлүп жатыптыр. Мен дароо эле такстыктама документтеримди жөнөттүм. Ага ошо эл аралык конференцияларда изилдөө иштерине карата жазган макала, материалдардын тастыктамаларын, окуудагы жетишкендиктер жана башка бардык керектүү документтерди жөнөттүк. 1-турдун жыйынтыгы бизге апрель айында келген. Аталган 24 студенттин ичинен дипломдор биринчи, экинчи жана үчүнчү даражаларга бөлүндү. Биринчи даражадагы дипломдор эл аралык деңгээлдеги илимий конференцияларга, олимпиадаларга катышып жүргөн студенттерге ыйгарылды.

Негизи сыйлоо аземи Казакстан мамлекетинин борбору Нур-Султан шаарында июнь айында өтмөк, тилекке каршы пандемияга байланыштуу онлайн фарматта өтүп, бизге сыйлыктарды жөнөтүп жиберишти. Ошентип, КМШнын мыкты студенти аталдык.

- Биздин өлкөнүн билим берүү системине каннааттанасызбы?

- Шибегени капка ката албагандай эле, биздин өлкөнүн билим берүү системин жакшы дегенден алысмын. Бирок баягы жашоого кылып канагат, торпок да жанын багалат деп коет го, шүгүрчүлүк кылып туралы. Биздин билим берүү тармагы абдан бир кыйчалыш, оор этапта турат десем жаңылышпайм. Себеп дегенде, бизде бул тармак өтө эскирген, мисалы ошол эле Европа өлкөлөрүн, коңшу мамлекеттерди карай турган болсок, окуу жайлардын абалы, билим берүүнүн сапаты түйшөлгөн ойлорго алып барат.

Мен айтаар элем, бир гана окууга эмес тажрыйбага дагы басым жасап, практика жүзүндө студенттерди даярдаганга мүмкүнчүлүк түзүп беришсе деп. Бүгүнкү күндө теорияга караганда иш жүзүндөгү практика чоң мааниге ээ болуп жатат. Менин бул оюм окуудан качыруу деген маани эмес, бул билим алуудагы эркиндик, терең изилдеп билим алуу деген мааниде.

Азыр 2-3-курстагы студенттер өз алдынча изилдөөлөрдү жүргүзө албайт, бул дагы толук кандуу билим бере албагандыкка жатат. Баа үчүн чуркаган студенттер көп, окуу жайдагы коррупция дегендин бардыгы ушул көрүнүштөргө себеп болуп жатат. Бул нерселер өлкөнү сазга батырбайт деп эч ким кепилдик бере албаса керек. Акча менен окуусун бүтүрүп жаткан студенттер эртеңки күнү бир кесиптин ээси болгон адамдар болуп чыгышат. Ошол жоопкерчиликти сезишсе деген ой.

- Студенттер билимин жакшыртып, эл аралык сынактарда алдыга чыгуусу үчүн кандай мотивация берет элеңиз?

- Эң биринчиден студент болоордон мурун өзүңө жаккан кесипти тандоо керек болот. Жашоодо адам баласы 3 нерседен: жар тандоо анан кесип тандоодон адашпашы керек деп бекеринен айтылбаса керек. Эгерде адам өзүнө жаккан кесибин окуп эрте менен туруп ошол кесипте иштеп же окугандан тажабай турган, кызыгы тарабай турган кесип болсо анда бул биринчи ийгилик деп эсептейт элем. Студенттик жашоо абдан тез өтүп кете турган убакыт, ошол 4 жыл ичинде студент көп нерсеге жетишүүсү керек.

Азыр интернеттин заманы социалдык тармактарда сынактар байма-бай болуп турат. Аларга катышып, өзүнө эч кандай чек койбостон ар тараптан сынап турушу керек. Колуңан көп иш келген, универсал адам болсоң жаманбы.

- Кийин келечекте билим берүү тармагына салым кошуу тууралуу креативдүү ойлор барбы?

- Билим тармагына салым кошуу менин максатым, милдетим. Мына БУУнун билдирүүсү боюнча 2030-жылдары 40ка жакын кесип жок болот деп жатат, бул дагы ойлондурбай койбойт. Жаңы замандын талабына ылайык, кесиптер чыгат деп жатышат, биз ошол жаңыланууга даяр болуубуз керек. Ал үчүн жаштар тил билүүсү, дүйнө таанымынын кең болуусу керек. Биз чет өлкөнүн жакшы жагын алып, туура эмес жактарын тескей турган маал келсе деп олойт элем.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан