Бүгүн, 18-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтүүдө. Сот залына алып келинген Алмазбек Атамбаевди тарапташтары кол чаап тосуп алышты.
Процесс башталганда судья Атамбаевди атайын соттолуучу отурчу жерден чыгарып, жактоочусунун жанына отургузду.