Өкмөттүн аппарат жетекчиси – министр Бактыбек Аманбаевдин төрагалыгында мамлекеттик органдар тутумун реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аманбаев мекемелер аралык комиссиянын жыйынын ачып жатып, учурда мамлекеттик башкаруу тутуму натыйжасыз экендигин белгиледи.
"Коронавирус инфекциясына байланыштуу, ишканалар ишин токтотту. Анын кесепети жеке бизнеске тийди. Экономика төмөндөй баштады. Ошондуктан абалды турукташтыруу, экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүн токтотуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу өкмөттүн башкы максаты. Бул үчүн бардык мамлекеттик органдар ачык-айкын жана натыйжалуу иштеши керек. Мамлекеттик органдардын сапатын жакшыртуу зарыл. Функциялардын кайталанышы, кызматтык милдеттерге дал келбөө - бул мамлекеттик системанын учурдагы абалы", - деди Бактыбек Аманбаев.
Ошондой эле ал бардык заманбап талаптарга жооп бере турган жана аткаруу бийлигинин бардык бутактарынын ишинин деңгээлин көтөрө турган мамлекеттик тутумду түзүү керектигин белгиледи.
Жыйындын соңунда Бактыбек Аманбаев мекемелер аралык комиссиянын ишинин алкагында ар бир мамлекеттик орган "көйгөйлүү функцияларды, анын ичинде бири-бирин кайталоону, чачырандылыкты, механизмдер тарабынан колдоонун жетишсиздигин аныктоо үчүн бардык түзүмдүк бөлүмдөрдү талдап чыгышы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле ар бир кызматкердин функционалдык милдеттерин бөлүштүрүүнү карап чыгып, аны бүт бөлүмдүн планы менен салыштыруу зарыл.
"Бардык мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү түрдө кайрадан аттестациядан өтүшү керек. Натыйжада, бул кызматкер ээлеген кызмат ордуна туура келеби, же жокпу деген чечим кабыл алынат. Ошол эле учурда мамлекеттик тутумду оптимизациялоо боюнча жарандык коомдун катышуусу менен өткөн бардык иш-чаралар жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылат", - деди Аманбаев.
Мекемелер аралык комиссиянын отурумунун соңунда мамлекеттик органдарына 10 күндүн ичинде мамлекеттик уюмдарды оптималдаштыруу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүү тапшырмасы берилди.