SUPER.KG порталы чет өлкөдө билим алып, эмгектенип жаткан мекендештердин бейнесине баш багып, алган тажрыйбаларын коомчулукка тааныштырууну улантат. Бул жолу каарманыбыз Германияда билим алып, эмгектенип жаткан Кадыралы Каюмов. Ал билим алуу сапары, аталган өлкөдөгү билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндап берди.
Каарманыбыз бала кезинен өтө эле тентек болгонун, колун сындырып, бутун чыгарып ооруканага көп барып калганынан улам дарыгер болууну каалап, медицина тармагына тапшырганын айтты. Бош убактысы болгондо футбол ойнорун, спорттун бул түрү ал үчүн хобби экендигин баса белгилеп, азыркы учурда Германиянын 6-дивизионунда ойногон команданын 2-курамында ойноп, 2-3 Лигага чыгам деген жакшы ниети бар экендигин билдирип өттү.
— Германиядагы билим сапарыңыз жөнүндө кеп курсаңыз.
— Университеттеги окуумду аяктагандан кийин Германияда иштеп да, окуп да билимимди тереңдетким келди. Бирок немис тилин жакшы билүү зарыл болчу, ошондуктан мен ФСЙ деген программаны тандап, ошол программа менен келгем. Аны бүтүп жарым жыл дагы немис тил курсуна барып жүрдүм. Ошолордун натыйжасында азыр окууга өтүп, окууну улантып жатам. Бул жакта, тагыраагы мен окуган окуу жайда 1 жарым ай окуу болсо, 1 жарым ай операциялык залда иште болом. Бул жакта баары окуусуна да, жумушуна да жоопкерчиликтүү мамиле кылышат.
- Чет өлкөдө окууда кандай талаптар бар?
- Ар бир мамлекетке жараша талаптар өзгөрүп турат. Ага карабастан жалпы окшош талаптарды айта кетейин. Алгач эле кайсы мамлекетте окугуңуз келет? Ошону тактап, чечип алышыңыз керек. Андан соң эң алгач тил билүү, мотивациялык кат, өмүр баяныңыз, (бакалаврга окугусу келгендер мектепти бүткөндүгү тууралуу аттестат), эгер магистратурага болсо бакалаврдын диплому талап кылынат.
Эң биринчи тил билүү деңгээлиңизди аныктаган сертификат керек болот. Окуу жай англис тилинде болсо TOEFL'дун сертификаты (жалпы англис тилин билгендиги тууралуу сертификат) же IELTS сертификаты керек болот. Ал эми Германияда төмөнкү документтер керектелет:
Бул жерде баса белгилеп кетчү жагдай, ар бир университеттин сайтында өзүнчө бул жерде жазылбаган документтер бар. Аны ошол окуу жайдын сайтынан текшерип, тактап алуу зарыл. Документтер тапшырган окуу жайдан, бөлүмдөн жана кайсы өлкөнүн жараны экендигиңизден да көз каранды болот.
- Көпчүлүккө пайдалуу жакшы маалымат болду. Ал эми Германияга барган жаштардын көпчүлүгү кайсы программа менен барышат? Билим алуу программалары жөнүндө маалыматтарыңыз менен бөлүшүп өтсөңүз.
- Акыркы жылдары көпчүлүгү Au-Pair (Немис үй-бүлөсүндө бала кароо, FSJ (1 жылдык волонтёрдук программа), тил үйрөнүү курстары жана 3 айга иштөө программалары менен келишет. Мындан сырткары окуу үчүн бакалавр, магистратура жана атайын иштөө үчүн (Blue Card) менен келгендер да бар. Көпчүлүгү жогорудагы программалар менен келишип, Аусбильдунг жана Дуалес окуу программасына тапшырып кеткендер болот. Андан сырткары Германиянын Кыргыз өлкөсүндөгү жыл сайын DAAD стипендиялык программалары менен окуу үчүн келсе болот.
- Өлкөбүздөгү билим берүү системиндеги эмнени тез арада өзгөртүү керек деп ойлойсуз?
- Кесибим дарыгер болгондуктан эки гана нерсени айта алам:
- Чет өлкөдөгү университеттерге тапшырууда мотивациялык катты жазуу эң маанилүү бөлүгү болуп саналат. Стипендия алуу үчүн ошол учурда студент өзүн кантип ачып берсе болот?
- Албетте, мотивациялык кат абдан маанилүү. Бул боюнча интернетте абдан көп мисалдар бар. Катта сөздөрдүн саны чектелгендиктен, ар бир сөздү ойлонуп жазуу керек. Мотивациялык кат жалпы университетке тапшыруу же болбосо жумушка орношуу жана башка учурларда жазылат. Студент колдон келишинче өзүнүн буга чейин жасаган волонтёрдук иштери, жеке долбоорлору, алдыдагы максаты, эмне үчүн ушул кесипти тандаганы, алдыңкы 5-10 жылдан кийин өзүн кандай көрө алат, ошол тууралуу айтып бериши керек. Өзүн абдан көкөлөтө мактап салбай, ошол эле учурда кемсинтпей, балансты кармап, чындыкты жазуу абзел. Себеби кийин маектешүү учурунда мотивациялык катта эмне жазылган болсо, ошол тууралуу суроолор берилет.
- Германияда ЖОЖдо билим алуу акысызбы? Ушул тууралуу дагы айтып өтсөңүз.
- Германияда мамлекеттик окуу жайлар толугу менен жергилүктүүлөргө гана эмес, чет өлкөлүктөргө да бекер. Студент бир гана өзүнүн жашоосу, тамак-ашы жана жашаган батирине акча төлөшү керек болот. Мындан сырткары менчик университеттер да бар. Аларга окуу үчүн акча (контракт) төлөнүшү зарыл. Алардын айырмачылыгы көпчүлүгү англис тилинде жана чоң компанияларда иштеп жаткан мугалимдер сабак беришет.
- Кайсы жанрдагы китептерди окуганды жактырасыз?
- Кесибиме байланыштуу көбүнчө медицина тармагындагы китептерди окуйм. Германияда медицина тармагы абдан өнүккөн, ошондуктан ар дайым жаңы чыккан китептер келип турат. Аларды интернет аркылуу онлайн сатып алсаң болот. Мурун классикалык жанрдагы китептерди көп окучумун, азыр тилекке каршы, убактым тар болуп жатат.
- Пандемия учурунда окуу онлайн форматында болуп жатпайбы. Сиз онлайн окуунун кандай артыкчылыктарын, кемчиликтерин байкай алдыңыз?
- Онлайн окуу мага жакты десем болот. Саат 07:55те туруп, 08:00дө онлайн кылып ноутбукту жандырып коём. Бирок үйдө аткаруучу тапшырмалар көбөйүп кетет экен. Жакшы жагы жолго убактың кетпейт, ал убакытты туура пайдалана алсак сонун эле болчудай. Эгер окуу онлайн болбогондо окууда баарын эже-агайлар түшүндүрүп бермек, сүйлөшүп талкууламакбыз.
- Германияда сиз туш болгон кызыктуу окуялар болсо керек...
- Кызыктуу окуялар көп эле болот. Поездде көп жүргөнгө туура келет. Кээде уктап каласың. Адашып башка жакка кетип калган учурлар болот (күлүп).